Кыргызстандын туризм тармагы Түштүк Кореяда жарнамаланат

22.12.2022, 12:05 Акчабар
Кыргызстандын туризм тармагы Түштүк Кореяда жарнамаланат

Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Түштүк Кореядагы Starway Hedong мейманканалар тармагынын инвестору, өнүктүрүүчүсү жана ээси менен эки жылга келишим түздү.

Макулдашууга ылайык, кореялыктар Кыргызстанды өз өлкөсүнүн туристтик рыногунда таанытат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик-курорттук аймагын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга көмөктөшөт, кореялык туристтерди кызыктырган инфраструктура, маданий жана оюн-зоок объектилери менен бөлүшөт.

“Алар Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын илгерилетүү үчүн өз мекенинде маркетингдик жана жарнамалык кампанияларды өткөрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Ошондой эле кореялык эксперттер биздин өлкөдөн келген кесиптештерине Кыргызстанга туристтердин жана инвесторлордун агымын кантип көбөйтүү керектигин айтып беришет”, - деп белгиледи Туризм фонду.

Тараптар маал-маалы менен жолугуп, тажрыйба алмашып турушат. Бул Кыргызстанга келген туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө болору белгиленди.

Тэги: новости Кыргызстана Фонд туризма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу