Кореялык суу корпорациясы Кыргызстандын потенциалын изилдеп жатат

29.12.2022, 10:53 Акчабар
Кореялык суу корпорациясы Кыргызстандын потенциалын изилдеп жатат

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын K-Waterсуу корпорациясынын президентиПак Дже Хенменен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө Аида Исмаилова Кыргызстан Корея менен гидроэнергетика, суу менен камсыздоо, ирригация жана башка тармактарда кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Өз кезегинде K-Water компаниясынын президенти учурда Кореянын суу корпорациясы Кыргызстандын потенциалын жана жогоруда аталган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын изилдеп жатканын билдирди.

“Тараптар ошондой эле Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн планын жана Чүй дарыясында чакан ГЭСтерди өнүктүрүү планын иштеп чыгуу боюнча гранттык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле суу ресурстары жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдору”, - деп белгиледи Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Тэги: новости Кыргызстана Аида Исмаилова Южная Корея

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу