Корея Кыргызстандагы химиялык өндүрүш ишканалары менен кызматташууга кызыкдар

08.02.2021, 11:30 Акчабар
Корея Кыргызстандагы химиялык өндүрүш ишканалары менен кызматташууга кызыкдар

2021-жылдын 5-февралында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Жабыш Каптамалар Ассоциациясынын төрагасы Ли Инь Ёнг жана «Vision K» компаниясынын президенти Джо Джонг Вон менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстандын өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу, эл аралык экономикалык форумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореядагы компаниялардын ортосунда соода байланыштарын түзүү боюнча пикир алмашышты.

Ассоциациянын төрагасы 200 туруктуу мүчөсү жана Интернетте 70 миң мүчөсү бар экендигин айтты. Ал кошумчалагандай, Ассоциация Кыргызстандын рыногун изилдөөгө ниеттенип, ошондай эле кыргызстандык химиялык өндүрүш менен алектенген компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Тэги: Корея Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу