Корея Кыргызстандагы мектептер үчүн онлайн платформа түзүүнү сунуштоодо

13.07.2021, 09:45 Акчабар
Корея Кыргызстандагы мектептер үчүн онлайн платформа түзүүнү сунуштоодо

Корея Кыргызстандагы мектептер үчүн онлайн платформаларды түзүүдө кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Мун Сонг Вук мырза башында турган Түштүк Кореялык бизнес делегациясынын өнүккөн тобу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар онлайн билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Корея тарап Түштүк Кореядагы онлайн билим берүү тармагындагы маалыматтарды өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын шартында, ошондой эле алар түзгөн онлайн платформаны бөлүштү. Ал аркылуу студенттерди учурдагы күнгө окутуу процесси жүрүп жатат.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандагы мектептер үчүн онлайн платформаларды түзүүдө кызматташууга кызыкдар экендигин белгилешти.

Тэги: Корея школа Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу