Корея Кыргызстанга электрондук өкмөттү ишке ашырууда көмөк көрсөтүүнү сунуштады

23.03.2022, 09:55 Акчабар
Корея Кыргызстанга электрондук өкмөттү ишке ашырууда көмөк көрсөтүүнү сунуштады

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Кореядан келген KT Corporation компаниясынын улук вице-президенти Мун Сон Вук менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын мамлекеттик санариптик трансформациясынын стратегиясы талкууланды. 

Кореялык коноктор мамлекеттик кызматтарды жана электрондук өкмөттү санариптештирүү боюнча бир нече багыттарды ишке ашырууда өз жардамдарын сунушташты.

«Министрлер кабинетинин негизги максаты санариптик трансформация жана дүйнөлүк санариптик экономикага интеграциялоо аркылуу мамлекетти туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.
Бул жолугушуу өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мындан аркы ийгиликтүү кызматташууга олуттуу түрткү болоруна ишенем. Бул сиздин максаттарыңызды жана милдеттериңизди жаңы, өнүккөн деңгээлде ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Биргелешкен күч-аракеттер менен жана сиздин тажрыйбаңыз менен билимиңиздин аркасында биз мамлекетибиздин жарандарынын жашоосуна жаңы технологияларды тез арада киргизе алабыз. Өз кезегинде биздин команда талыкпай иштөөгө даяр”,-деди министр Иманов.

Кабыл алууга кыргыз тараптан министр, анын орун басарлары, министрликтин бөлүм башчылары, ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кореялык команда KT C-Level Consulting штабынын мамлекеттик консалтинг секторунун алдыңкы эксперттеринен турган. Алар бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү тармактардагы 200 компанияга ийгиликтүү консультация беришти.

«Электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингинде Корея биринчи орунда турат. Биздин максат – Кыргызстанды бул рейтингде алдыңкы орунга чыгаруу”,-деди КТ Корпорациясынын вице-президенти Мун Сон Вук.

Кореялык эксперттер өлкөнүн санариптик трансформация планын ишке ашыруу, мамлекеттик саясат, МКТ инфраструктурасы, электрондук мамлекеттик кызматтар жана жакшыртуу багыттары боюнча өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө даяр. Мисалы, бир нече мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишке киргизүү жана мобилдик кабарлоо кызматы аркылуу чыгымдарды азайтуу. Алар ошондой эле колдонуучулардын маалыматтарын алмашуу аркылуу коомдук маалыматтарды колдонууну кеңейтүүнү жана маалыматтарга негизделген административдик инновациялар жана санариптик эгизди колдонуу аркылуу шаарлардын ишин оптималдаштырууну сунушташты.

Эске салсак, бул иш-чара Кореянын элчиси Ли Вонджае тарабынан жакында министр Талантбек Иманов менен болгон жолугушууда демилгеленген.

Тэги: Кыргызстан Корея электронное правительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу