Кореялык ишкана Кыргызстанда IT адистерди даярдоого көмөктөшөт

23.08.2021, 16:00 Акчабар
Кореялык ишкана Кыргызстанда IT адистерди даярдоого көмөктөшөт

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова "Korea Telecom" ишканасынын президенти Ку Хён Мо менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. 

Анда тараптар ушул жылдын июль айында болгон бизнес-делегациянын жыйынтыктарын талкуулашкан. Тактап айтканда, энергетика, саламаттык сактоо, туризм жана "Акылдуу шаар" долбоорун инвестициялоо боюнча пикир алмашышты.

"Korea Telecom" компаниясынын президенти экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын чоң дараметин белгиледи. Ал ошондой эле, санариптештирүү тууралуу өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү, долбоорлорду ишке ашыруу учурунда маалымат технологиялар чөйрөсүндө адистерди даярдоого корпорациянын көмөктөшөрүн билдирди.

 

Тэги: Корея телеком элчилик инвестиция бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу