Коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 121.8 млн сом топтолду

10.04.2020, 14:20 Акчабар
Коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 121.8 млн сом топтолду

КР финансы министрлигинин борбордук казынасынын берген маалыматына ылайык, 9-апрелге карата Саламаттык сактоо министрлигинин админстративдик эсебине 121 млн 839 миң сом топтолду. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат. 

Эске сала кетсек, финансы министрлиги өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачкан. Эсепке улуттук валютадан тышкары чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар кабыл алынат. Эсептин номери: 4402011000101373 жана мобилдик банкинг аркылуу дагы которсо болот. 

Андан сырткары, финансы министрлигинин сайтында КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине келип түшкөн сумма дагы жарыяланып турат. 

Тэги: Финансы министрлиги атайын эсеп админстративдик эсеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу