Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 35 млн сомдон ашык каражат түштү

26.03.2020, 11:45 Акчабар
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 35 млн сомдон ашык каражат түштү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 35 млн 293 миң 891 сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 25-марты (саат 17.00) 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Тэги: Коронавируска каршы күрөшүү үчүн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу