Коронавирус менен күрөшүү үчүн бюджеттен 6.1 млрд сом кеткен

28.10.2020, 16:20 Акчабар
Коронавирус менен күрөшүү үчүн бюджеттен 6.1 млрд сом кеткен

26-октябрга карата республикалык бюджеттин чыгашасы, Өкмөттүн бекитилген чечимине ылайык, 6 млрд 121.6 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлигинен билдиришти. 

Белгилей кетүүчү нерсе, чыгашанын басымдуу бөлүгү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн, - 2 млрд 378.6 млн сом. 

Анын ичинен: 

  • 1 млрд 191.5 млн сом — компенсациялык төлөмдөргө;
  • 1 млрд 186.1 млн сом — жеке коргонуучу каражаттарга.

Андан сырткары чыгашалар төмөнкү ведомстволорго дагы каралган: 

 

  • Саламаттык сактоо министрлигине — 1 млрд 367.9 млн сом;
  • Мамлекеттик резервдерди сактоо Фонду — 1 млрд 92 млн сом;
  • күч түзүмдөрүнө — 592 млн сом;
  • ӨКМ — 254.7 млн сом;
  • ТИМ — 173.3 млн сом;
  • Соцөнүктүрүү министрлиги — 200 млн сом;
  • КР ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — 27.7 млн сом ж.б.

Тэги: чыгаша Финансы министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу