Коронавирустун айынан жеке учактарга болгон суроо-талап өстү

01.03.2020, 17:00 Акчабар
Коронавирустун айынан жеке учактарга болгон суроо-талап өстү

Жеке учактар менен учуу операторлору алардын кызматтарына болгон суроо-талап көбөйгөндүгүн билдиришүүдө. Бул тууралуу Forbes порталы кабарлады.

Аталган рейстерди учуу маалында көп адам менен байланышкысы келбеген колунда бар кардарлар тандай тургандыгы айтылууда.

Bloomberg басылмасынын маалыматтарына караганда, коронавирус алдындагы коркуу жеке учактардагы чартердик рейстердин уюштуруучуларына пайда алып келген.  Аларга болгон суроо-талап бир топ жогорулаган, анткени каражаты бар саякатчылар токтотулган рейстердин ордуна дал ошолдорду тандашкан.

 

«Чартертерлерге болгон сурак кыска мөөнөттүн чичнде өсүп кетти. Бизге адамдардын топторун, ошондой эле ишканалардын кызматкерлерин жана жеке жактарды эвакуациялоого көп сурак түштү»,-дейт PrivateFly ишканасынын жетекчиси Адам Твидэлл.

 

Операторлор белгилешкендей, суроо-талаптын өсүшү 2019-жылдын декабрында аныкталган инфекция алты континентке жайылгандан тарта башталган.

Тэги: коронавирус жеке учактар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу