Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 10 миң сомду түзөт

25.09.2020, 10:00 Акчабар
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 10 миң сомду түзөт

Кыргызстанда кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,8 миң адам.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 3 423 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 235,8 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 229,6 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 6,2 млн сом сарпталган.

Тэги: жөлөкпул министрлик Эмгек жана социалдык өнүктүрүү төрөт кош бойлуулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу