Кош бойлуу энелер үчүн атайын чат-бот иштелип чыкты

21.11.2023, 13:00 Акчабар
Кош бойлуу энелер үчүн атайын чат-бот иштелип чыкты

Кыргызстанда репродуктивдүү курактагы аялдар үчүн “Сен эне болосуң!” чат-боту ишке кирди.  Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) билдирди. 

Маалыматка ылайык, чат-бот репродуктивдүү курактагы жана кош бойлуу аялдарга ишенимдүү жана актуалдуу маалымат алуу үчүн иштелип чыкты. 

“Чат-бот “Telegram” платформасында эки тилде (кыргыз жана орус) маалымат берет. Чат-боттун түзүмүндө пландоо, кош бойлуулук, төрөт, медициналык документтер, лабораториялык изилдөөлөр, ошондой эле кош бойлуу аялдардын укуктары жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу маалыматтар бар. Мындан тышкары, зомбулуктун курмандыктарын колдоо боюнча кызматтардын даректери көрсөтүлгөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, чат-бот Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы кош бойлуу аялдардын жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда тестирлөөдөн өткөндөн кийин оптималдаштырылган, жакшыртылган жана жаңыланган. Бирок, кошумча маалымат менен жаңыртылып турат. 

 

Тэги: кош бойлуулук ата-эне чат-бот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу