«Манас» аэропортунун акцияларынын котировкалары дагы 9%га жогорулады

16.12.2021, 09:32 Акчабар
«Манас» аэропортунун акцияларынын котировкалары дагы 9%га жогорулады

Кыргыз фондулук биржасында “Манас” эл аралык аэропортунун акционеринен баалуу кагаздарды сатуу боюнча сунуш пайда болду. Бул тууралуу биржанын сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, баалуу кагаздардын ээси 400 акциянын бир нускасын 950 сомдон сатууну көздөп жатат. Муну менен сунуш 380 миң сомго бааланууда.

Кошумчалай кетсек, буга чейин республиканын башкы аба портунун акциялары бир нускасы 800-870 сомдон сатылган. Ошентип, жаңы баа сунушу акыркы келишим боюнча баалуу кагаздардын наркынан 9,2 пайызга жогору.

Эске салсак, жыл башында “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун акцияларынын баасы бир акцияга 350 сомду түзгөн. Бирок ушул күздө IFC аэропорттун инфраструктурасын модернизациялоо жана кызматтарды кеңейтүү үчүн жеке инвестор издеп баштагандан кийин, акциялары жогорулады. Жыл башынан бери өсүш 167 пайызды түздү.

Эгерде жаңы баада бир акцияга 950 сомдон келишим түзүлсө, январь айындагы өсүш 192,3%ды түзөт.

Тэги: IFC ОАО МАМ аэропорт фондовый рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу