«Эркечтам» өткөрмө бекети күнү-түнү иштей башташы мүмкүн

29.05.2023, 13:50 Акчабар
«Эркечтам» өткөрмө бекети күнү-түнү иштей башташы мүмкүн

Кыргызстан менен Кытай “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекети күндө же күнү-түнү иштөө маселесин, ошондой эле ал жерге көпүрө куруу жана жолду 4 тилкеге кеңейтүүнү талкуулашты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевдин Кытайга иш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Мындан тышкары “айдоочу” визасын алуудагы көйгөйлөр айтылды. Буга байланыштуу эки тарап тең “айдоочу” визаларды берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү актуалдуу маселеге айлануусу зарылдыгына токтолушту. 

Жолугушууда тараптар ошондой эле, Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга чыгарууда логистиканын жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү керектигин сүйлөштү.

“Кыргыз тарап бул өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, транспорттук жана жол инфраструктурасын модернизациялоо жана жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө кызыктар”, - деди Төрөбаев.

Жолугушууда тараптар ошондой эле, Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга чыгарууда логистиканын жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү керектигин сүйлөштү.

Тэги: новости Кыргызстана визит в Китай Иркештам-автодорожный

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу