Кыргызстанда 676 май куюучу жайда автоматташтырылган система орнотулган

20.08.2020, 14:45 Акчабар
Кыргызстанда 676 май куюучу жайда автоматташтырылган система орнотулган

Кыргызстанда 1 миң 46 май куюучу жайдын 676сы автоматташтырылган система орноткон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

 

«1-июлдан тартып май куюучу жайлар, анын ичинде автогаз, газ толтуруучу компрессордук станциялар башкарунуун автоматташтырылган системасы менен иштей баштады. Жаңы системанын өзгөчөлүгү - ККМ-онлайн менен интеграцияланышы. Ал боюнча кардар акы төлөп кассалык чекти албай туруп май куюп алышы мүмкүн эмес. Себеби, май куюучу жайдын колонкасынан мунайзатты берүү жөнүндө белги иштебей калат. Мунайзат май куюучу жайга берилген учурда система ал маалыматты параллелдүү түрдө Салык кызматынын серверине реалдуу убакыт режиминде жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. 20-августка карата 1 миң 46 май куюучу жайдын ичинен 676сы авоматташтырылган жаңы системаны орнотту», - деди ал.

Тэги: май куюучу жай Өкмөт үйү салык кызматы Кабыл Абдалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу