Кыргызстандын аймагына чек арадан өтүүдөгү алгоритм иштелип чыкты

28.09.2020, 16:30 Акчабар
Кыргызстандын аймагына чек арадан өтүүдөгү алгоритм иштелип чыкты

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды. 

Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында бет кап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат. 

Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргызстандын жарандарында эгер алдын ала алынган полимердик чынжырлуу реакция (ПЧР)-тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест/ПЧР-анализ алынат.   Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат. 

Ал эми өлкө аймагына учак аркылуу келген Кыргызстандын жарандары алгоритмде каралган бардык талаптарды сактоого тийиш жана илдеттин белгилери бар адамдардан ПЧР/экспресс-тест алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканча обсервацияда болот. Ал эми клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл.  

Чет өлкөлөрдүн жарандары 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргызстанга кирүүсүнө уруксат берилет. 

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин, ал эми чек арадан автотранспорт менен  өткөндөр үчүн 2020-жылдын 26-сентябрынан тарта күчүнө кирет.   

 

 

«Эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо, абал курчуп кеткен учурда аны тез жөнгө салуу керек. Муну менен катар берилген тапшырмаларды ыкчам, ошол эле учурда сапаттуу жүзөгө ашыруу шарт», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. 

Биринчи вице-премьер-министр коомдук жайларда, транспортто жана имараттардын ичинде бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо режиминин аткарылышы, эпидемиологиялык коопсуздук талаптары боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. 

Жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарына COVID-19 илдети тастыкталган жарандар менен байланышта болгондордун  социалдык обочолонуусун катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.  

Тэги: Кыргызстан чек ара алгоритм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу