Кыргызстан АӨБдөн 50 млн $ алат. Долбоор ЖК комитети тарабынан жактырылды

26.05.2020, 13:30 Акчабар
Кыргызстан АӨБдөн 50 млн $ алат. Долбоор ЖК комитети тарабынан жактырылды

Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясына ыкчам чара көрүү жана оору менен күрөшүүгө кеткен чыгымдарды колдоо программасы) жана 2019-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясына ыкчам чара көрүү жана оору менен күрөшүүгө кеткен чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты.

 

 

Жыйында баяндама жасаган каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов сунушталып жаткан программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз  Өкмөтүнө көрсөтүүлүүчү каржылык колдоону камтый тургандыгын белгилеп, алынган каражат COVID-19 илдетинин ден - соолукка зыяндуулугун азайтуу менен социалдык - экономикалык каатчылыкты төмөндөтүүгө жумшаларын кошумчалады.

Тагыраагы, бюджетти колдоо багытында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 50 млн. АКШ доллары алынат. Анын 25 млн. АКШ доллары грант, калганы кредит.   

Аталган программанын кредиттик бөлүгү 24 жылга алынып, анын 8 жылы 1%дык жеңилдетилген мөөнөт, ал эми калган негизги мөөнөт 1,5%дан төлөнөт.

Тэги: Кыргызстан АӨБ комитет ЖК долбоор 50 млн $

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу