Кыргызстанда авиакаттамдарды «Tez Jet» компаниясы жүргүзөт

04.06.2020, 12:30 Акчабар
Кыргызстанда авиакаттамдарды «Tez Jet» компаниясы жүргүзөт

Кыргызстанда авиакаттамдарды «Tez Jet» компаниясы жүргүзөт, ал күнүнө бир жолу абага көтөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

 

 

Анын айтымында, 5-июндан баштап өлкөдөгү ички авиакаттамдардын иштөөсүнө уруксат берүү боюнча өкмөттүн чечими чыккан.

«Ал боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги жана аэропорттордун ортосунда жолугушуу болуп өттү. Ички авиакаттамдарды кыргызстандык «Tez Jet» авиакомпаниясы жүргүзөт. Авиакомпаниянын ылайыктуу учагы даяр. Каттамдар бир күндө бир жолу абага көтөрүлөрү пландалууда. Жумасына төрт жолу учушу күтүлүүдө. Ички каттамдардын аткарылышы Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык жүргүзүлөт. Ички каттамдарды «Манас», «Ош» жана «Тамчы» аэропорттору аткарат», - дейт ал.

Тэги: авиакаттам Кыргызстан Tez Jet компания Өкмөт үйү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу