Кыргызстандын электр системасы көз карандысыз, Борбордук Азиянын энергетика системасы менен параллелдүү иштейт жана жыл сайын 15 млрд киловатт-саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн энергетикалык форумда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Ошол эле учурда экономиканын толук кандуу иштеши үчүн 6 млрд киловатт-саат электр энергиясы жетишсиз.
«Бул тартыштыктын 3 млрд киловатт саатын азыр импорттун эсебинен жаап жатабыз. Ал эми жаңы ишканаларды ачуу үчүн 3 млрд киловатт-саат керектелет», - деп түшүндүрдү Амангелдиев.
Кыргызстан керектүү электр энергиясын кайра жаралуучу энергия булактары аркылуу ала ала турганы белгиленген. Ошентип, гидротехникалык потенциал 150 млрд киловатт-сааттан ашат. Ошондой эле өлкө жылына орточо 4,64 млрд мегаватт-саат күндөн радиациялык энергия алат. Айрыкча шамалдын энергетикалык активдүүлүгү 1 чарчы метрге 2 мегаватт-саатка чейин жеткен алыскы райондордо шамал энергетикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар.