Кытайдан алган карызды төлөө мөөнөтү узарды

11.11.2020, 17:00 Акчабар
Кытайдан алган карызды төлөө мөөнөтү узарды

Кытай Кыргызстандын насыя төлөө боюнча мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана Кытай тарап узартуунун чоо-жайын айтпоону суранды. Буга чейин Татиков “Акчабарга” берген маегинде Кыргызстан Кытайга жылына төрт жолу: январь, март, июль жана сентябрь айларында төлөм жүргүзүп турушу керек деп айткан.

"Азыр араб донорлору - Абу-Даби Фонду, Сауд Аравиясы жана Кувейт Фонддору, Түркия Республикасы жана Париж клубунун мүчөлөрү - Германия, Түштүк Корея, Япония, Франция жана Дания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", -деди Татиков.

Тэги: Китай госдолг международный кредит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу