2021-жылы Кыргызстан донорлордон 7.5 млн $ насыя алат

23.02.2021, 17:00 Акчабар
2021-жылы Кыргызстан донорлордон 7.5 млн $ насыя алат

2020-жылы Дүйнөлүк банктан 7.5 млн доллар өлчөмүндө насыя алуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Бул каражаттар «Жыйынтыктын негизиндеги программа» долбоорунун алкагында саламаттык сактоо тармагына жумшалат. Бул тууралуу «Акчабарга» Финансы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов билдирди.

 

Белгилей кетсек, 2020-жылы мамлекет донорлордон 37 эсеге көп насыя алган.

 

«Өткөн жылы бюджетти колдоого Кыргызстан 277 млн доллар насыя алган. Бул жылы грант алууга көбүрөк басым жасалат. Мунун бардыгы өлкөдөгү экономикалык жана эпидемиологиялык абалга жараша болот», — деп айтты Акжолов.

 

Бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкы, Европа биримдиги жана Дүйнөлүк  банк менен кайтарымсыз негизде 6 млрд 317.3 млн сом алуу боюнча сүйлөшүүлөр бар.

 

2021-жылы күтүлгөн гранттар:

  • Азия өнүктүрүү банкынан « Экономикалык диверсификация программасы» — 4 млрд 250 млн сом;
  • Азия өнүктүрүү банкынан «Билим берүү секторун реформалоо» — 680 млн сом;
  • Дүйнөлүк банктан «Жыйынтыктын негизиндеги программа» — 106.3 млн сом;
  • Европалык биримдиктен грант — 1 млрд 281 млн сом.

 

«Бул сумма эл аралык каржы институттарынан накталай түшкөндөн кийин өзгөрүшү мүмкүн. Кыргызстанга гранттык негизде каражат тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтты эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси.

 

Ал эми Евразиялык стабилдештирүүнү өнүктүрүү фондунан бөлүнүүчү 100 млн $ боюнча азыр абдан кызуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Нурбек Акжолов билдиргендей, каражат алуу боюнча сүйлөшүү башталганда 2020-жылдын  финансы отчету жыйынтыкталып калган, ошол себептен бул ирет сүйлөшүү жыл башында кайрадан жанданды. 

Тэги: грант каражат млрд доллар сом дүйнөлүк банк Нурбек Акжолов Азия өнүктүрүү банкы Европа биримдиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу