Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

22.03.2021, 15:45 Акчабар
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

2021-жылдын 22-мартынан тартып 28-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» деген ураан менен Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) - бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири кампания. 

Бул саамалык 2015-жылдан бери өтүп келет. 

«Бир жума ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, анын ичинде коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары бардык санитардык талаптарды сактоо менен финансылык сабаттуулук боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын: мектептерде финансылык сабаттуулук сабактарын, университеттерде көчмө лекциялар менен тренингдерди, коммерциялык банктарда экскурсиялар менен ачык эшик күндөрүн, улуттук видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, өзгөчө капчык сынагын өткөрүшөт, ошондой эле #GMWKyrgyzstan2021 хэштеги менен жайгаштырылган социалдык тармактарда ар кандай иш-чаралар уюштурулат», - деп билдиришти Улуттук банктан.  

 

Тэги: Дүйнөлүк акча жумалыгы Global Money Week Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу