Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке болгон экспортунун январь айындагы көлөмү 45.6 млн долларды түзгөн. Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 3% көп болгон.
Белгилей кетсек, январда Арменияга экспорт болгон эмес, Белорусияга болгон экспорттун көлөмү 3.5%, Россияга - 12.7% көп болгон. Ушул эле учурда Казакстанга болгон экспорт товардын көлөмү 4.8% төмөндөгөн.