Кыргызстан мамкызматкерлерге көп чыгаша кетирген өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунду ээледи

14.09.2020, 14:50 Акчабар
Кыргызстан мамкызматкерлерге көп чыгаша кетирген өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунду ээледи

Кыргызстан Евразия экономикалык бирикмедеги өлкөлөрдүн ичинен мамлекеттик ведомстволорго көп чыгаша кетирген өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунду ээледи. Биринчи орунда Белорусия турат.  

Евразия экономикалык комиссиянын берген маалыматына ылайык, Белорусияда 2020-жылдын I кварталында мамлекеттик кызматкерлердин чыгашасы, бардык структуралардагы чыгашалардын ичинен 45.9%, Кыргызстанда - 41.3% ээлеген. Ошол эле учурда Белорусия Республикасынын социалдык тармакка кеткен чыгымдары болгону 8.7%, ал эми Кыргызстанда - 8.8% түзгөн. 

Бирликтеги башка өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлерди тейлөө жаатына бирдей мамиле кылынат. Бирок, дүйнөлүк аренада Кыргызстан жана Белорусия социалдык багыттагы өлкө катары өздөрүн көрсөтүп келе жатканы менен иш жүзүндө дал келбөөдө.  

Ал эми Казакстандагы жалпы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн каражаттар, бардык чыгымдардын ичнен 29,3%, Арменияда - 21,6%, Россияда - 15,7% түзөт. Жогоруда аталган мамлекеттер социалдык тармакка чыгашалардын 30,1%, 35,4% жана 30,7% багытташат.

 

 

Тэги: Кыргызстан Белорусия чыгаша мамкызматкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу