Кыргызстандын Германиядагы элчи кызматына Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги жактырылды

17.03.2020, 17:00 Акчабар
Кыргызстандын Германиядагы элчи кызматына Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги жактырылды

ЖК Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоого сунушталган Абылдаев Эрлан Бекешовичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

Эрлан Абылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, кытай, англис тилдерин билет. 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.

Андан тышкары, тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна дайындоого сунушталган Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин да жактырды.

Тэги: Кыргызстан Германия элчи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу