Кыргызстан гидроэнергетика тармагында Корея менен кызматташууга кызыкдар

18.03.2021, 15:30 Акчабар
Кыргызстан гидроэнергетика тармагында Корея менен кызматташууга кызыкдар

2021-жылдын 17-мартында, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова вице-президент Ли Джонг Жин баштаган K-Water Корей Суу корпорациясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Кемелова Кыргызстан гидроэнергетика, суу менен камсыздоо жаатында, айрыкча, «Таза-Суу» программасынын, ирригация жана башка тармактардын алкагында Корея менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде вице-президент аталган корпорация учурда Кыргызстандын потенциалын жана жогоруда аталган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын изилдеп жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле тараптар айыл жеринде суу менен камсыздоо кызматтарынын потенциалын жогорулатуу боюнча жол картасын иштеп чыгуучу Билим бөлүштүрүү Программасынын (KSP) гранттык долбоорун, ошондой эле K-City долбоору – «Акылдуу шаарды» пландаштыруу программасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тэги: Кыргызстан Корея Электр энергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу