Кыргызстан менен Катар эки тараптуу документтердин ири пакетине кол коюшат

07.06.2023, 10:01 Акчабар
Кыргызстан менен Катар эки тараптуу документтердин ири пакетине кол коюшат

Бүгүн, 7-июнда Катар мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугушту.

Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө башчылары тар жана кеңейтилген курамда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызыктырган маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Инвестициялар, бажы салыктары, айыл чарба ишмердүүлүгү, эки өлкөнүн ортосундагы соода ж.б. тармактарда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө эки мамлекеттин ортосунда экономика, инвестиция жана маданият тармактарын камтыган 16 келишимге кол коюлган.

Тэги: Катар Новости Кыргызстан Президент Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу