Кыргызстан менен Кувейт экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

09.03.2023, 09:21 Акчабар
Кыргызстан менен Кувейт экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Кувейт экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Кол коюу 8-мартта болгон.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кувейт шаарында экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынына катышты.

"Иш-чарада экономика, соода жана инвестициялык кызматташуу, халал индустриясын стандартташтыруу, ошондой эле туризм тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн бир катар маселелери талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында биргелешкен кыргыз-кувейт комиссиясынын 3-жыйынынын протоколуна кол коюлду", - деп билдирди Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

Тэги: новости Кыргызстана Кувейт сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу