Кыргызстан — Пакистан соода-инвестициялык форумунун жүрүшүндө соода-электрондук аянтча түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.
Документке Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин жетекчиси Данил Ибраев жана Глобалдык бизнес альянсынын жетекчиси Мухаммад Асиф Нур кол коюшту.
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев белгилегендей, учурда онлайн соодага активдүү өтүү жүрүп жатат.
"Санариптик сооданын келечеги чоң. Меморандумга кол коюу эки өлкөнүн ишкерлеринин мындан да тыгыз иштешине өбөлгө түзөт", — деди Темир Сариев.