Атомдук электр станция куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат

24.11.2022, 17:24 Акчабар
Атомдук электр станция куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат

Кыргызстан менен Орусия өлкөдө атомдук электр станциясын куруу долбоорун иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документ долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга тиешелүү.

“АЭС куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыккандан кийин Кыргызстан аны куруунун зарылдыгын карап көрүп, чечим кабыл алат. Кыргыз тарап “Росатом” сунуштаган технологияларды жана алардын коопсуздугун изилдейт. Керектүү көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлүүдө. Муну менен катар экологиялык коопсуздук маселеси да каралат”, - деп белгиледи Энергетика министрлиги.

Андан соң бул маселе коомдук талкууга коюлат. Мекеме атомдук электр станциясын куруу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынарын белгиледи.  

Тэги: экономика АЭС новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу