КР Сауд өнүктүрүү фондунан 30 млн.$ насыя алат

11.09.2019, 09:55 Акчабар
КР Сауд өнүктүрүү  фондунан 30 млн.$ насыя алат

Баткен жана Талас областтарына айыл-чарба, суу жана тазалыкты өнүктүрүү долбоору ишке ашырылат. Долбоорду ишке ашырууга Сауд өнүктүрүү фондунан 30 млн.$ насыя алуу келишимине кол койду. Бул тууралуу КР Фианансы министрлиги маалымдайт. 

Долбоордун жалпы баасы 60 млн.$ түзөт. Келишим боюнча насыя 25 жылга, 5 жылы жеңилдетүү менен берилет. Ислам өнүктүрүү банкы КР 20 млн.$ 30 жылга, анын ичинен 10 жылы жеңилдетүү түрүндө насыя берет. КР Өкмөтү кошумча каржылоого 10 млн.$ бөлөт.

Долбоорду ишке ашыруудагы 4 жыл 6 айдын ичинде, эки областтын 61 айылындагы 146 миң кыргызстандыкка жакшы натыйжа берээрин Кыргыз Өкмөтү тарап кошумчалады. 

 

Тэги: Саудовский фонд развития кредит Исламский банк развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу