Кыргызстан менен Түркмөнстан 15 эл аралык келишимге кол коюшту

29.06.2021, 09:15 Акчабар
Кыргызстан менен Түркмөнстан 15 эл аралык келишимге кол коюшту

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында, ар кандай тармактарда 15 эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын ийгиликтүү деп баалады. Анын айтымында, мамлекет башчысынын расмий иш сапарынын алкагында, түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү мүмкүн болду.

“Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөштөр жана бир тууган элдер. Ошондой эле биз БУУ, ЕККУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, КМШ жана башка көп тараптуу платформалардын алкагында активдүү кызматташабыз жана ишенимдүү өнөктөштөрбүз", - деди министр.

Мындан тышкары, бир күн мурун бизнес форум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында эки мамлекеттин мамлекеттик жана жеке компанияларынын ортосунда 15 келишим түзүлгөн. 

Тэги: президент Туркменистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу