Кыргызстандан ЕАЭБге 102 ишкана товарларын экспорттойт

16.03.2020, 15:20 Акчабар
Кыргызстандан ЕАЭБге 102 ишкана товарларын экспорттойт

2019-жылы ЕАЭБге Кыргызстандын 66 ишканасы гана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттойт. Азыр ал тизмеге дагы 36 ишкана кошулуп, ушу тапта 102 компания өз өнүмдөрүн сыртка алып чыгууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди.

«2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат каралган: республикалык бюджеттен – 550 млн сом, капиталдык салымдардан – 671 млн сом. Ошентип, өткөн жылы сугат суусунун тартыштыгы Чүй облусунан башка аймактарда анчалык сезилген жок. Суу көлөмүнүн аздыгына байланыштуу Чүй аймагында сугат суусу каат болду», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

 

 

Тэги: КР Ишкана товар экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу