КР жарандарына жети өлкөгө кирүүгө тыюу салынды

13.03.2020, 16:00 Акчабар
КР жарандарына жети өлкөгө кирүүгө тыюу салынды

Кыргыз Республикасында эпидемияга каршы жана карантиндик иш-чараларды күчөтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттеринин алгоритмине толуктоолор киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Коронавирустун чыккан учуру катталган өлкөлөрдөн келгендердин бардыгы 3 категорияга бөлүнөт. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткени тууралуу жарыялаганына байланыштуу. 

COVID-19 коронавирус инфекциясынын тарашы боюнча кооптуу өлкөлөрдүн классификациясына өзгөртүүлөр киргизилди.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан категориялар боюнча өлкөлөрдү баалоонун кошумча критерийлери аныкталды: 

- Илдет учурларынын абсолюттук саны

- Акыркы 10 күндө инфекциянын жайылышынын өсүү темпи

- Көз карандысыз эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча эпидемия жана пандемияга карата өлкө даярдыгынын индекси. 

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралдагы буйругунун негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен өлкөлөрдүн төмөнкү үч категориясы аныкталды: 

Биринчи категория: Бул категорияга жогоруда көрсөтүлгөн үч критерийдин бирөөсүнө эле туура келген өлкө кирет.

Бардык чет элдик жарандарды, анын ичинде транзит менен жана акыркы 30 күн Кытай Эл Республикасында, Италия, Иран, Корея, Франция, Германия жана Испанияда жүрүп келгендердин Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тыюу салынууда.

Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген Кыргыз Республикасынын жарандары 14 күн атайын өзүнчө бөлүнгөн  жерлерде обсервацияга жаткырылат. Бул категорияга ID-карта, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорту бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары кирет. 

Акыркы 30 күндө биринчи категориядагы өлкөлөрдүн аймагында болбогон бардык чет элдиктер, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын, Италиянын, Ирандын, Кореянын, Франциянын, Германиянын, Испаниянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген, текшерүү алгоритминен өткөрүү шарты менен гана Кыргыз Республикасына кире алат. 

Обсервация шарттарын бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат. 

Экинчи категория: Экинчи категорияга АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланды өлкөлөрү кирет.

Бардык чет өлкөлүктөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде экинчи категориядагы өлкөлөрдөн транзит менен келгендер 14 күн үй шартында карантинде болот. 

Үй карантинин шарттарын бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280чи беренесине ылайык,   байкабастан элдин массалык түрдө оорусуна, уулануусуна же олуттуу зыян алып келген санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же кокустан бузса VI категориядагы айып пул салынат же кайсы бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин кайсы бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категорияда эркинен ажыратылат. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 68чи беренесине ылайык, VI категориядагы айып пулдун көлөмү жашы жете электер үчүн - 1200дөн 1400 эсептик көрсөткүчкө, физикалык жактар үчүн -  2600дөн 3000 эсептик көрсөткүчкө чейин. 

Эгерде чет өлкөлүк жарандардын үй шартындагы карантинде болуусуна шарты жок болсо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, Тышкы иштер министрлигинин (2020-жылдын 10-мартындагы № 43-Б), Саламаттык сактоо министрлигинин (2020-жылдын 10-мартындагы № 140), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын (2020-жылдын 10-мартындагы №163) мекемелер аралык буйругу менен түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилип, 14 күн атайын бөлүнгөн жерде обсервацияда болот.

Үчүнчү категория: Бул категорияга Сингапур, Австрия, Дания, Гонконг атайын административдик району (КЭР), Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, БАЭ Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравия кирет. 

Үчүнчү категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген бардык чет өлкөлүктөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары алгачкы текшерүүгө алынат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген алгоритмге ылайык үйдөн байкоого алынат. Ошол эле учурда 14 күн Кыргыз Республикасынын аймагында ары-бери жүрүүсүнө чектөө киргизилет. 

Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин алдын ал эскертүүсүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген текшерүү алгоритминен милдетти түрдө өтүү шартында гана обсервацияга жаткырылбайт (клиникалык белгилер байкалгандардан башкасы). 

Категориялар боюнча бул өзгөрүүлөр жарандар үчүн (Кыргыз Республикасынын аймагына кирген) 2020-жылдын 14-мартынан тарта күчүнө кирет. 

Тэги: КР жарандар өлкө тыюу салынды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу