Кыргызстандан жылына учак менен 22 миң тонна жүк ташылат

08.12.2020, 10:40 Акчабар
Кыргызстандан жылына учак менен 22 миң тонна жүк ташылат

Исфана шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн аэропорттун ачылышы болду. Аэропортко Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

Аэровокзалдын жаңы имараты курулуп жана аэродром оңдоп-түзөөдөн өткөн соң аэропортко жарактуу делген сертификат берилди, ошондой эле Авиацялык эрежелердин талаптарына ылайык, пайдаланууга берилди.

 

«Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем», - деп белгиледи Артем Новиков.

 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш-чаранын катышуучуларын  маанилүү инфраструктуралык объекттин ачылышы менен куттуктап, аэропорттун ачылышы жемиштүү иштин жыйынтыгы болуп саналаарын белгиледи.

 

«Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экендигин айтууга болот.Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөө кызматын колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылууда, жана бул багыттагы иштер уланталат», - деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

 

Кошумчалай кетсек,  «Исфана» аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. 

Тэги: аэропорт Исфана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу