Алмаз Шабданов: «Кыргызстанда бир катар мамлекеттик компания элдик IPOго даярданууда»

28.01.2020, 15:30 Акчабар
Алмаз Шабданов: «Кыргызстанда бир катар мамлекеттик компания элдик IPOго даярданууда»

Өткөн жылдын жыйынтыктары менен тооруктардын жалпы көлөмү 30 пайызга өскөн, ал эми баалуу кагаздар рыногунда жалпысынан 100 компания соодалашкан. «Акчабар»  Кыргыз биржа фонду  үчүн былтыркы жыл кандай аяктаганы жана 2020-жылга карата коюлган пландар тууралуу Кыргыз биржа фондунун жетекчиси Алмаз Шабданов менен маек курду.

- Кыргызстанда фонду рыногунун кесипкөй катышуучуларына канча лицензия берилген? Алар көбөйдүбү же азайдыбы,  динамика барбы?

2019-жылы Кыргызстандын биржа фондусунда кесипкөй катышуучуларга 84 ашуун лицензия берилген. Акыркы эки жылдан бери биз рыноктогу оюнчулардын өсүү тенденциясын байкап жатабыз. 2018-жылы үч жаңы брокердик компания кирген, ал эми 2019-жылы жаңы катышуучулар болгон жок. Бирок, брокердик жана диллердик кызматтарды көрсөтүүгө жана ишенимдүү башкарууга документтер берилген.

- 2019 - жылы КБФ тутумунда канча компания баалуу кагаздар менен соода кылган?

Фондулук рынокто чоң көлөмдө соода кылган 100 компанияны белгилөөгө болот. Бирок, албетте, эң чоң бүтүмдөр Кыргызстандын коммерциялык банктарынын баалуу кагаздары менен  бекитилген. 2019-жылы рыноктун басымдуу бөлүгүн «Керемет Банктын» акциялары менен бекитилген бүтүмдөр ээлеген.

-2018 - жылга салыштырмалуу көрсөткүч көтөрүлдүбү же түштүбү? Бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү кандай?

- Бизде 30 пайыздай өсүү белгиленген. Тагыраак айтканда, 2018-жылы бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү 4 миллиард сомду түзгөн, ал эми 2019-жылы бул көрсөткүч 6 миллиард сомду түздү.

- Экинчи рынокто кайсы компаниялардын баалуу кагаздарына талап жогору болду?

- Бул жүгүртүмдөрү жакшы, акцияларды ачык өткөргөн компаниялар (листинговая компания). Мисалы, энергокомпаниялар: «Электр станциялары», «Түндүкэлектро», «Жалалабадэлектро», «Ошэлектро» жана башкалар. Албетте, «Бишкек жылуулук тармактары» жана «Кыргызтелекомдун» акциялары.

- Кайсы компаниялар акциялардын эң көп өсүшүн көрсөтө алды?

- «Манас» аэропорту баалардын өсүшү боюнча абдан жакшы динамиканы көрсөтө алды. Акциялардын туу чокусунда компаниялар бир акция үчүн 320 сомдон соодалашты.

-Ал эми Кыргызстандагы биржа фондунун 2019-жылдагы жалпы ишмердүүлүгүн кандай деп баалайсыз?

-Былтыркы жыл бизге тутумдуу өзгөрүүлөрдү алып келген жок. Бирок жалпысынан алганда биз банктардын баалуу кагаздары менен соодалашуунун эсебинен улам көлөмдөрдүн өскөндүгү тууралуу айта алабыз. Кандайдыр бир жагынан бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коммерциялык банктарды чоңойтуу тууралуу талабы коюлгандыгына байланыштуу.

- Баалуу кагаздар рыногунан 2020-жылы эмнени күтүү керек?

- Бул жылы биз ачык баалуу кагаздарды сатууда алдыга карай өзгөрүштү күтүүдөбүз. Буга Экономика министрлиги, Мамлекеттик каржы көзөмөлү, Өкмөттүн аппараты көмөктөшүүдө. Алар бир катар компанияны IPOго даярдап жатат. Ошондой эле биз орто бизнеске көп басым кылууну көздөп жатабыз. Алар үчүн облигацияларды чыгаруу банктан насыя алуунун ордуна жакшы альтернатива болуп бере алат.

Тэги: Кыргызстан компания Кыргыз биржа фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу