Кыргызстанда күйүүчү майдын көлөмү жетишсиз. Сентябрда баа көтөрүлүшү мүмкүн

01.09.2020, 15:50 Акчабар
Кыргызстанда күйүүчү майдын көлөмү жетишсиз. Сентябрда баа көтөрүлүшү мүмкүн

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандагы бензиндин жетишсиз болуп жаткандыгы боюнча мунай сатуучулар Союзунун кайрылуусун карайт. Бул тууралуу «Акчабарга» Ассоциациянын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

 

Буга чейин мунай сатуучулар бирикмеси, Россиядан салыксыз күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү боюнча квотанын түгөнүп бара жаткандыгына байланыштуу тынчысзданууларын билдиришкен.

«Күйүүчү майга болгон өлкөдөгү тартыштык жыл сайын кайталанып турат. Биз сентябрь айында күйүүчү майдын тартыш болорун эске алып, июль айында бул туурасында тийиштүү жерлерге кат жөнөткөнбүз», — деп белгиледи Канат Эшимов.

Мунай сатуучулар Союзунун директору Заур Кипкеевдин айтымында, алар бензиндин жана дизелдик отундун көлөмүн көбөйтүү маселени карап чыгууну өтүнүшкөн.

Көйгөйдүн пайда болушунун бирден бир себеби, белгиленген квотанын бир бөлүгүнө нефть жөнөтүлүп жаткандыгында. Бирок, Казакстан менене Кыргызстан ортосунда нефть ташып келүү боюнча эч кандай келишим жок болгондуктан, өлкөгө нефть азырынча кире элек.

Ал кошумчалап кеткендей, эгерде бензинге салык кошулса анда тоннасына 15-20 долларга чейин коюлат.

«Сентябрь айында мунай продукцияларынын литрине болгон баа 1.5-2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн», — деп билдиришти мунай сатуучулар.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Россия ортосундагы  салыксыз күйүү майлоочу материалдарды ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча келишим 2021-жылдын ноябрь айында жүргүзүлөт.

Тэги: мамлекеттик агенттик салык мунай продукциялары ассоциация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу