Кыргызстандан Кытайга 180 млн $ мыйзамсыз чыгарылып кеткен

02.11.2020, 11:35 Акчабар
Кыргызстандан Кытайга 180 млн $ мыйзамсыз чыгарылып кеткен

Мамлекеттик бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Финпол маалымдады. 

 

Маалымат ылайык, Каржы полициясынын Сокулук жана Москва райондору (Чүй облусу) боюнча башкармалыктары тарабынан салыкты жашыруу менен байланышкан кылмышты аныктоого багытталган иштеринин натыйжасында мурда белгиленген схема боюнча Кытайга ири өлчөмдөгү (180 млн доллардан ашык) каражаттарды мыйзамсыз чыгарып жүргөн кылмыштуу топ аныкталган. Ал каражаттар сыртка сатып алынуучу товардын акчасы катары чыгарылып турган.

«Тергөө аныктагандай аталган кылмыштуу топтун ишинен мамлекеттин бюджетине 1,1 млрд сом салык түшпөй калган», - деп айтылат маалыматта.

29-октябрь күнү аталган кылмышка шектелип акча каражаттарын Кытайга чыгарып турган А.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

30-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен аталган жаран №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда аталган схемага катышы бар жогорку кызматтагы адамдарды жана аталган каражаттын кайдан алынгандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Тэги: мамлекеттик бюджет кылмыштуу топ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу