Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10.43 млн долларга азайды

21.04.2020, 16:10 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10.43 млн долларга азайды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын жыйынтыгы менен 4 млрд 606.13 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдаган. 

Анын ичинен республиканын тышкы карызы 83.8% же 3 млрд 860.87 млн долларды түзөт. Көпчүлүк бөлүгүн же 1 млрд 793.25 млн долларды - Кыргызстан Кытайга карыз. 

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу республиканын мамлекеттик карызы 10.43 млн долларга (31-январга карата 4  млрд 616.56 млн долларды түзгөн) азайган. Бул тышкы карыздын 13.7 млн долларга азайгандыгы менен байланыштуу болгон. 

Өлкөнүн эки тараптуу жеңилдетилген насыясынын көлөмү 7 млн 940 миң долларга төмөндөгөн. Анын ичинен Кытайдын Экспорт-импорт банкына Кыргызстан бул убакыт аралыгында 810 миң доллар, Япония эл аралык кызматташуу агенттигине - 5.44 млн доллар төлөдү. 

Муну менен катар мамлекеттин ички карызы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млн 270 миң долларга өскөн. 

Тэги: КР Мамлекеттик карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу