КР менен Пакистан соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөштү

25.06.2020, 10:15 Акчабар
КР менен Пакистан соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөштү

Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан сенатынын төрагасынын орун басары Салиим Мандвивалла менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын өнүктүрүү, иш сапарлары менен алмашуу жана "Пакистан-Кыргызстан" парламенттик достук топторунун ишин жандандыруу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

КР элчиси Э.Бейшембиев кыргыз-пакистан мамилелерин терең тарыхый тамырларын баса белгилеп, ЕАЭБ жана ЕБ ЖПС+ программасын алкагындагы Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык, ошондой эле Пакистандан Борбор Азияга чейин кыска жолу аркылуу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.

 

Тэги: Кыргызстан Пакистан Ислам Республикасы элчи Эрик Бейшембиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу