2020-жылы Кыргызстан 534 миң долларга 158 тонна бал экспорттогон

25.08.2020, 17:00 Акчабар
2020-жылы Кыргызстан 534 миң долларга 158 тонна бал экспорттогон

Бүгүнкү күнгө карата 534 миң долларга 158 тонна бал экспорттолду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, картошка, бакча өсүмдүктөрү, сүт жана азыктарын экспорттоодо өсүштөр бар.

«Пандемиянын шартында болсо да бал, өрүк, жаңгак аз-аздан болсо дагы экспортко чыгууда. Быйыл 534 миң долларга 158 тонна бал эскпорттолгон. Ал эми Баткендин кургатылган өрүгүнүн экспорту 1,5 миң тоннаны түздү. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине карата 4 миң 945 тонна кургатылган өрүк экспорттолгон. Быйыл Ысык-Көлдүн өрүктөрү көп экспорттолду. Ал 25 миң тоннадан ашты», - деди ал.

Тэги: экспорт доллар премьер-министр Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу