Кыргызстан Андаш жана Талды-Булак кендеринен алтын казууну көздөп жатат

31.05.2022, 11:26 Акчабар
Кыргызстан Андаш жана Талды-Булак кендеринен алтын казууну көздөп жатат

Кыргызстан Андаш жана Талды-Булак алтын кендерин иштетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы иштер “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинин ишмердүүлүгүнүн алкагында жүргүзүлөт.

“Кумтөр – коррупцияга каршы күрөштүн үлгүсү. Акча көп болгону менен президент элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коё алды. Кыргызстан жер казынасын гана кайтарып берген жок, бизде техника, жабдуулар бар. Андаш, Талды-Булак сыяктуу кендерди өзүбүз иштетебиз. Алтыны бар өлкө кедей боло албайт. Алтын – бул акча”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле мамлекет бардык акча агымдарын көзөмөлдөй алышы керектигин белгиледи.

Тэги: золото добыча Кыргызстан Талды-Булак Андаш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу