Кыргызстан электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча Кытайдын тажрыйбасын өздөштүрүү ниетинде

27.06.2023, 09:02 Акчабар
Кыргызстан электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча Кытайдын тажрыйбасын өздөштүрүү ниетинде

Кыргызстандын делегациясы Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен 13-Кашкар көргөзмө-жарманкесине катышты.

Көргөзмөнүн ачылышында Экономика министринин орун басары Самат Шатманов эки тараптуу мамилелер саясий диалогдун өсүү динамикасы менен мүнөздөлүп жатканын жана Кыргызстан кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

”Кыргыз Республикасы электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча КЭР менен биргелешкен иштин чоң келечегин көрөт, анткени КЭР транс чегаралык электрондук коммерцияда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти жана баалуу тажрыйбаны жана билимди топтоду”, - деди Самат Шатманов.

Ал ошондой эле кыргыз тарап Кытайдын электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын үйрөнүп, анын айыл чарба жана өнөр жай продукциясын кытайлык транс чегаралык электрондук соода платформалары аркылуу Кытайга сатууга ниеттенип жатканын, бул өлкөлөр ортосундагы кызматташууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Тэги: новости Кыргызстана КНР сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу