Кыргызстан дарыгерлерге компенсация төлөөгө жана вакциналарды сатып алууга 2,2 млрд сом бөлөт

13.07.2021, 10:30 Акчабар
Кыргызстан дарыгерлерге компенсация төлөөгө жана вакциналарды сатып алууга 2,2 млрд сом бөлөт

Коронавирустук COVID-19 инфекциясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетте кошумча 2 миллиард 249,8 миллион сом каралган.

Бул акча кызыл зоналарда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү төлөөгө жана коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды сатып алууга багытталгандыгы такталды.

Ошондой эле, Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын алты айында көп балалуу энелерге жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын энелерине, бийик тоолордо жашаган адамдарга, аскердик пенсияларга, компенсация, жөлөкпулдарга казынадан 11,6 миллиард сом бөлүнгөн. Милдеттенмелер 100% га аткарылды.

Тэги: медики Ковид-19 COVID-19 компенсации деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу