2021-жылдын январь-июнунда Кыргызстандагы товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 3 миллиард доллардан ашты. 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу көрсөткүч 21,9%га көбөйдү, ал эми экспорт 9,5%га азайса, импорт 40,2%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.
Отчеттук мезгилде Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 1,5 миллиард долларды түздү жана былтыркы жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 28,9 пайызга өстү. Мында экспорт 1,6, импорт 1,2 эсе көбөйгөн.
Республиканын ЕАЭБдеги өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (65,4%) жана Казакстанга (32,2%) туура келди.