Кыргызстанга «Сбербанк» жана «Каспи» банктарындагыдай система керек

18.11.2022, 10:05 Акчабар
Кыргызстанга «Сбербанк» жана «Каспи» банктарындагыдай система керек

Кыргызстанга бардык банктарга жана электрондук капчыктарга акча которо ала турган “Сбербанк” сыяктуу система керек. Бул тууралуу “Караван Экспо” көргөзмөсүндө иш-чаранын уюштуруучусу Темирлан Жуманазаров билдирди. 

Темирлан Жуманазаров кыргызстандык банктар кызматташуу боюнча меморандумдарды түзүп, бир топ убакыт иштешет, бирок мамилени оңой эле үзүп салышат. Бул нерсе кардарларга ыңгайсыздыктарды жаратат дейт, - ал. 

“Кыргызстанда бирдиктүү төлөм системасы жок. Ооба, ар кандай банктардын системалары бар жана ар биринин өзүнүн саясаты, лимиттери, кемчиликтери бар. Айрымдары начар өнүккөн. Бир дагы бирдиктүү иштеген достук тармагы жок”, - деди ал.

Ишкер “Сбербанк” менен “Каспинин” артыкчылыгы- алардын бардык банктар жана электрондук капчыктар менен тыгыз иштөөсү деп баалады. 

“Эгер бизде ушундай тиркеме болсо, бул абдан ыңгайлуу болот эле. Бир эсептен бардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө, бардык банктарга которууга болот. Албетте, бул монополияга алып келиши ыктымал. Бирок мен ишкер жана жөнөкөй адам катары мындай функция ынгайлуу деп ойлойм. Ошондой эле, "Сбербанктан" тышкары “Alfa Bank”, “Tinkoff” бар.  Алар өз ишмердүүлүгүн улантып, кызматташып, банкомат тармактарын түзүп, тейлөөсүн жакшыртууда”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, Темирлан өзүнүн командасы менен чет жерде жүргөн кыргызстандыктар үчүн бирдиктүү төлөм системасы боюнча долбоор жазганын да айтты. Жыйынтыктап айтканда, бардык банктар жана которуу системалары менен кызматташкан бир система болсо, чет өлкөдө эмгектенген кыргыз жарандарынын жашоосун бир топ жеңилдетмек. 

 

Тэги: Караван экспо Темирлан Джуманазаров Expo Development

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу