Кыргызстан айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча ЕАЭБде алдыда

27.05.2022, 15:57 Акчабар
Кыргызстан айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча ЕАЭБде алдыда

Кыргызстан айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алдыда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча документте айтылды.

Көрсөткүчтөр 2022-жылдын январь-март айлары үчүн өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алынган.

Алсак, ушул жылдын биринчи кварталында өткөн жылга салыштырмалуу Кыргыз Республикасында айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү 2,3%ды түзсө, андан кийин Россияда – 1,9%га жана Казакстанда – 1,8%га өсүш байкалууда.

Айыл чарба өндүрүшү Беларуста (-0,6%) жана Арменияда (-0,8%) төмөндөдү.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын ушул эле чейрегинде 2020-жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, Казакстан биринчиликке ээ болгон – 2,8% өскөн. Кыргызстан экинчи (1,7%га) болчу.

Тэги: сельхоз продукция ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу