Кыргызстанда орточо айлык акынын көлөмү 9,4 пайызга көбөйдү

29.09.2020, 14:45 Акчабар
Кыргызстанда орточо айлык акынын көлөмү 9,4 пайызга көбөйдү

2020-жылдын январь-июль айларында бир айдагы номиналдуу орточо айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 миң 996 сом болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги өткөргөн брифингде айтылды.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январь-июль айларына салыштырганда быйылкы жылда айлык акылар 9,4 пайызга көбөйүп, анын керектөөчү баалардын индекси менен эсептелген реалдуу көлөмү 3,5 пайызга өскөн.

Ал эми инфляциянын деңгээлин көрсөткөн керектөөчү баалардын индекси 102,2 пайызды (2020-жылдын августу өткөн жылдын декабрына карата) түзгөн.

Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2020-жылдын январь-августу 2019-жылдын январь-августуна карата) 105,6 пайызды түзгөн, ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2018-жылдын январь-август айларында инфляция 100,4 пайыз болгон.

Тэги: айлык акы каражат Ишкана эсеп брифинг Экономика министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу