Кыргызстан аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты

08.07.2022, 16:01 Акчабар
Кыргызстан аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров түркиялык компаниянын тышкы башкаруусуна өткөрүлө турган "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык. Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек, - деди өкмөт башчы. 

Жапаров министрлер кабинети эки аэропортту тең эки жылдын ичинде толук модернизациялай алган бардык инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”,- деп белгиледи Минкаб башчысы.

 

Тэги: аэропорт ош аэропорт Манас глава кабмина

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу