Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселеси талкууланды

22.09.2020, 13:45 Акчабар
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселеси талкууланды

2020-жылдын 19-сентябрында, Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын «AMK Apparels» текстиль компаниясынын директору Ашфак Ахмад Хан жана «Malik Enterprise» инвестициялык компаниясынын башчысы Шехрияр Малик менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечегин жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эки өлкөнүн жеке ишканаларынын ортосунда түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүүнү талкуулашты.

Министрликтен кошумчалашкандай, жолугушуунун жыйынтыгында пакистандык тарап жакынкы аралыкта Кыргызстанга иш сапары менен келүү ниети жөнүндө маалымдады.

Тэги: Кыргызстан Пакистан элчи Эрик Бейшембиев Malik Enterprise компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу